Өткөн сутка ичинде COVID жуктурганы ырасталган 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 78 жаштагы эркек, Баткен облустук ооруканасында 71 жаштагы аял, Нарын облустук ооруканасында 72 жаштагы аял, Кара-Буура аймактык ооруканасында 79 жаштагы эркек кайтыш болду.
Чүй облусундагы ооруканаларда эки киши набыт болду: Жайыл аймактык ооруканасында 42 жашта жана 63 жаштагы аялдар, Панфилов райондук ооруканада 53 жаштагы эркек.
Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Анын 20сы аймактарда жана 21и Бишкекте.
Март айынан бери вирус жуктурганы такталып 167, пневмония менен 612и өлүм катталды.

