14:41
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Коронавирусту дарылоочу дарыны сатып алуу үчүн Россия менен сүйлөшүү жүрүүдө

Коронавирусту дарылоочу дарыны сатып алуу үчүн Россия менен сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада Россиядан келген делегация менен «Авифавир» дарысы талкууланган.

«Кыргызстандын профессорлору, кандидаттары, докторлору топтолгон экспреттик-консултанттык ток дагы аталган дарыны сатып алуу боюнча суроону талкуулап жатат. Министрлик Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүдө», — дейт Айнура Акматова.

«Авифавир» дарысын Россия коноравируска каршы сунуштайт. Аны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан сатып алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар