14:44
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

COVID-19. Бир суткада 46 өлүм катталды. Анын алтоосунан вирус аныкталган

Өткөн сутка ичинде 6 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 90 жаштагы, Жайыл аймактык ооруканасында 70 жана 69 жаштагы эки аял, Жалал-Абад облустук ооруканасында 49 жана 53 жаштагы эки эркек, Нарын облустук ооруканасында 61 жашта аял көз жумду.

Пневмониядан өткөн суткада 40 бейтап каза болду. 14 адам аймактардагы ооруканаларда, Бишкекте 26 киши көз жумду.

Кыргызстанда вирустан набыт болгондордун саны — 122, пневмониядан — 350.

Эң көп окулган жаңылыктар