19:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бишкекте ооруну жуктуруп алгандардын жарымы мамлекеттик кызматкерлер

Бишкек шаарында вирусту жуктуруп алган 2 миң 392 бейтаптын 55 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер. Бул тууралуу калаа мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, 21 шаар тургуну вирус жуктуруп кайтыш болду.

«Вирус жуктургандардын 100ү — Россиядан кайтып келген аскер кызматкерлери. Акыркы 10 күндүн ичинде күн сайын ооруну жуктуруп алгандар көбөйүүдө, эгерде 22-июнда 82 бейтап болсо, 1-июлга карата күнүнө 195 учурду түздү. 3 миң 706 адам байланышта болгондор катары медициналык көзөмөлдө турат», — деди Азиз Суракматов.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Ленин жана Октябрь райондору эң эле эпидемиологиялык жагымсыз абалда турат.

Ленин районунда — 725, Октябрь районунда— 466, Биринчи май районунда — 446, Свердлов районунда — 355 адам вирус жуктурган.

Эң көп окулган жаңылыктар