Саламаттыкты сактоо тармагы медицина кызматкерлерине муктаж. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги медиктердин 30 пайызы ооруп жатат.
«Биз орто персоналга муктажбыз. Медиктерди бат эле даярдап коюу албайбыз. Анүстүнө 60 жаштан ашкан кызматкерлер жумушка тартылбайт. «Тез жардам» кызматындагы унааларды көбөйткөнүбүз менен адистер жетишпейт. Бул кызматта иштөөнүн дагы өзгөчөлүктөрү бар. Аны өздөштүрүүгө убакыт керек», — деди ал.
Буга чейин саламаттыкты сактоо министрлиги мээрбандарды ишке чакырган.

