Кыргызстанда 220 ИВЛ аппаратка жана 2 миң кислород концентраторго муктаждык бар. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, учурда 473 ИВЛ аппарат жана 610 кислороддук концентратор бар.
«Бизге 220дай ИВЛ аппарат менен 2 миңден ашык кислороддук концентратор керек. Бүгүн Россиядан жардам келет, 3-июлда Кытайдан аппарат күтүп жатабыз. Түркия мамлекети менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — дейт ал.
Республика боюнча вирус жуктургандардын саны 5 миң 735.

