23:36
USD 87.45
EUR 100.17
RUB 1.03

Акыйкатчы аппаратынын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

Акыйкатчы аппаратынын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу уюмдан кабарлашты.

Пресс-кызматынын берген маалыматы боюнча, бул мекемедедеги кызматкерлердин арасынан катталып жаткан экинчи учур. Акыйкатчы институтунун бөлүмүндөгү инспектордон аныкталган. Ал учурда өзүн-өзу изоляциялоодо. Кызматкерлердин көпчүлүк бөлүгү үйдөн иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 207 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы 3 миң 726га жетти.

Эске сала кетсек, буга чейин акыйкатчы институтунун бөлүм башчысынан коронавирус аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар