22:13
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

COVID-19. Вирус жуктургандардын медицина кызматкерлеринин саны 495ге жетти

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 12, Баткен облусунда — 2, Талас облусунда — 1 медик вирус жуктурду.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 495 учур катталды, алардын ичинен 367 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар