22:13
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Өкмөт Жогорку Кеңешке шайлоону убагында өткөрсө болорун айтат

Жогорку Кеңешке шайлоону убагында өткөрсө болот. Бул тууралуу бүгүн коалициялык көпчүлүктүн жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда дагы шайлоону өткөрүүгө болот.

«Шайлоону убагында өткөргөнгө аракет кылабыз. Ага чейин вирусту жуктуруу басаңдап калса, шайлоо күнү белгилегенче өкмөт уюштуруу иштери боюнча өзүнүн сунушун берет», — деди ал.

Коалициялык көпчүлүк Кубатбек Бороновдун талапкерлигин колдоду.

Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда отставкага арыз жазды. Ал радио жыштыктарга байланыштуу чырдан улам 27-майда эмгек эргүүгө чыккан.

Парламент апрель айында өкмөттүн 2019-жылга ишин канааттандырган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар