Симптомдору байкалбаган инфекциясы бар бейтаптар үчүн да кызматтардын баасы эсептелген, анткени алар дагы ооруканада жатып дарыланып жатышат. Бул тууралуу маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.
Анын айтымында, коронавирустук инфекцияны дарылоо менен ооруканага жаткыруу акысы 3 миң 300 сомдон 133 миңге чейин жетет.
1. Симптомдору байкалбаган түрү-3030,12 сом
2. Жеңил түрү-3500,63 сом
3. Оорунун орточо түрү-10817,78 сом
4.Оорунун оор баскычы-70 миң 427 сом 31 тыйын
5. Эң оор баскычка-132 миң 837 сом 09 тыйын сарпталат.

