Кыргызстан COVID-2019 вирусуна байланыштуу эки ай карантинде жашады. Мындай шартка көнбөгөн көпчүлүк үчүн үйдө изоляцияда болуу бир топ кыйынчылыктарды туудурду.
Эки айда сүйүктүү кафе-ресторандарына барып, тамактануудан, алысыраак дүкөндөн жактырган таттууларын сатып алуудан тарта көп нерседен убактылуу баш тартууга туура келди.
Бирок, айрымдар кейибей бул арада кулинардык чеберчилигин такшалтып, көп нерсени өз колу менен бышырганга жана өстүргөнгө көндү. Социалдык тармактар ысык нан, пирогтун сүрөтүнө толду. Айрымдар чакан балконуна ылайыктап кумурага жашылча чөптөрдү олтургузганга жетишти.
Карантинде муктаждык маселесин чечүү жолдору тууралуу кыргызстандыктар 24.kg агенттиги менен бөлүштү.
Бишкек шаарынын тургуну Клара Сулайманова өзгөчө абал киргизилгенге чейин бир аптага жетерлик азык-түлүк алып койгон. Бирок, үнөмдөп жатып, айрымдарын эки айга жеткирди.
«Карантин Кыргызстанда эле эмес жалпы дүйнө эли үчүн эң чоң сыноо болду. Жашообузга сын көз караш менен бир карап алып, эми эмне кылсам деп ойлонуп, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жашоо аракетин баштадык. Мен бир жумага азык-түлүк алдым, көпкө сактаганга деле болбойт да», — дейт Клара Сулайманова.
Ун, күрүч, гречка, макорондун түрүн, фасоль, чай, таруу алгам. Ал эми иммунитетти бекемдөө үчүн эт, сары май, бал, кыямдын төрт түрүн камдагам, эки жарым айга жетти
Клара Сулайманова.
Клара эженин үй-бүлөсү колго тамак жасоону жакшы өздөштүрүшкөнүн белгилейт.
«Көбүнчө иштеген жерден, тамактануучу жайлардан тамактанчубуз да карантинде буга акча сарпталган жок. Кыргыз эли эзелтен жеп келген эле тамактарды жеп жаттык, эл катары. Ал эми үй тиричилигинде кийим кечектеримди, диван жапкычымды, төшөктөрдү оңдоп-түзөп тигип алдым, мунун баарын мастерлерге буйрутма берчүмүн. Квартирада жашагандыктан бош убактымда гүлдөр менен алек болдум», — дейт Клара Сулайманова.
Шаар тургундарынын көпчүлүгү көнгөн адат менен азык-түлүктү 1-2 күнгө жетерлик гана сатып аларын айтышат.
«Гуманитардык жардам берилет деген менен канча жолу кварталга чалып ала албай аягында карантин аяктаар убакта алдык. Өзгөчө абал учуру болуп, жумуш жок, эч кандай акча дагы азык-түлүк дагы камдаган эмеспиз», — дейт Бишкек шаарындагы жаңы конуштун тургуну Элмира.
Башында 10 миңге жакын акчабыз бар болчу. Жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз. Балдарымдын жумуштары токтоп, айлык-акылары кармалып калды.
Элмира.
«Бирок кудайга шүгүр ач калган жокпуз. Азык-түлүктү алып койсоң деле мөөнөтү кыска да, чирип кеткенчекти уламдан-улам алып турганын жакшы. Алыскы айылдагы туугандарыбыз 5-6 каптан ун сатып алгандарын угуп таң калып жаттык. Азыр сүйлөшуп калабыз ал ундары дагы эле түгөнө элек экен», — дейт Элмира.
Фарида Белекова балдарын айылга эс алууга жиберип, шаарда күйөөсү экөө гана калгандыктан чыгым аз болгонун айтат. Болбосо, бала-бакыра менен кыйналмакпыз дейт.
Карантин башталаарда 30 миң сом камдап койгонбуз. Азык-түлүк алган эмеспиз. Баалар кымбаттап, жалпысынан эки жарым айда 60 миң сом короттук.
Дөөлөтбүбү Токтоназоварова.
«Анын ичинде квартиранын акысы дагы бар. Өзгөчө абал алынгандан кийин менин жумушум башталып, бирок, коомдук транспорт жок болуп, өзгөчө абал алынгандан кийин такси менен барып келип, бир топ чыгымга учурадым. Батирде жашаган кошуналар менен биргеликте бири-бирибизге кол кабыш кылып жаттык», — дейт ал.
Шаардыктар мындан ары көпкө сактоого ылайыктуу азыктарды камдап коюш керектигин белгилешет.
Ал эми Дөөлөтбүбү Токтоназоварова негизги азыктардын колдо болгону дурус экенин түшүнүп, быйыл чарбагына жашылча-жемиштерди көбүрөөк олтургузду.
«Карантин учурунда жер-жемиш, жашылча, азык-түлүктүн наркы аябай эле кымбаттады. Андыктан огородубузга чеснок, сабиз, пияз, картошка, капуста, кызылчаны көп эктик. Мен үй кожейкеси болгондуктан мурда эле баарын колго жасачумун. Эми күзгү түшүмдөн жемиштерди да камдап койдук. Негизи эмне бар, эмне жок, ошо көнгөн адатыбыз менен бузулбаган азыктарды алдын-ала сатып алып койгон оң окшойт», — дейт ал.

