2020-жылдын 16-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 100 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында — 57, Чүй облусунда — 11, Ош шаарында — 11, Ош облусунда— 6, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 1, Нарын облусунда — 9, Талас облусунда— 3.
Өлкө боюнча вирус жуктургандардын саны — 2 миң 472. Ал эми айыгып чыккандардын саны 1 миң 847 болду.

