Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Медицина кызматкерлеринин арасында вирус жуктуруу көбүнчө Бишкек шаарында (12), Чүй облусунда — 3, Ош шаарында— 5, Ош облусунда — 2.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Эки дарыгер кайтыш болду.
Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, набыт болгондорго — 1 миллион сом төлөп берет.

