01:09
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

COVID-19. Вирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Бир күндө 87 учур

2020-жылдын 15-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 87 учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында — 48, Чүй облусунда — 11, Ош шаарында — 18, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 3 киши жуктуруп алды.

«Вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө. Көчөдө маска тагынбай, санитайзерлерди колдонбой жүргөндөр көбөйдү. Вирус бар. Этият бололу. Айрыкча кары-картаңдарды камкорго алып, үйдөн карайлы», — дейт Нурболот Үсөнбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар