01:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Кытайда коронавирустун жаңы очогу катталды

Соңку маалыматтар боюнча Кытайда 67 жаңы учур катталды, алардын ичинен 49 бейтап вирустун активдүү түрүн алып жүрсө, 18 бейтаптын симптомдору азырынча аныктала элек. Бул тууратуу Кытай мамлекеттик саламаттыкты сактоо министрлиги расмий сайтына жарыялады.

Кытайда узак убакытка чейин коронавирус катталган эмес. Акыркы эки күн ичинде коронавирус күч алып 36дан оорунун активдүү түрү аныкталууда. Биринчи учур калаанын Фэнтай районунун «Синьфади» базарында катталган. Коронавирустун таралышынын алдын алуу ишиндеги кемчиликтер үчүн райондун акиминин орун басары Чжоу Юкинг кызматынан алынды.

Коронавируска чалдыккан 10 бейтап «импорттолгондор», 39у өлкөнүн ичинде катталгандар. Пекинде-3, Хэбэй провинциясында-3. Көз жумгандар жок.

Акыркы сутка ичинде 66 жаңы учур катталды, алардын ичинен 57 бейтап активдүү, тогуз бейтаптан симптомдору аныктала элек.

13-июнда Бээжиндин айрым райондорунда жарандардын кыймылын азайтуу учүн тосмолор коюлуп, жаңы коронавирустун очогуна жол бербөөгө аракет кылышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар