01:18
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Окумуштуулар: COVID-19 вирусу күчүн жогото баштады

COVID-19 вирусу убакыттын өтүшү менен респиратордук илдеттердей эле жеңил кабыл алынып калат. Бул тууралуу италиялык вирусолог Массимо Клементинин изилдөөсүнө таянып РИА Новости маалымат булагы жазып чыкты.

Миландагы Vita-Salute San Raffaele университетинин проректору Массимо Клементинин айтымында, адистер 1-15 мартта коронавирус жугузуп алган 100 бейтапты жана майдын экинчи жарымында ооруп калган 100 адамды изилдеп көрүшкөн.

«Май айында эле италиялык дарыгерлер илдет мурдагыдай курч мүнөздө болбой калганын байкаган. Бул жерде вирусту жуктургандардын санынын азайышы эмес, жуктуруп алгандардын ичинен басымдуу бөлүгү аны сасык тумоо сыяктуу жеңил көтөрө баштаганы тууралуу сөз болуп жатат. Көпчүлүгү үй шартында дарыланышты», — деп билдирет вирусолог Массимо Клементи.

 Адистердин айтмында, коронавирустун бардык түрлөрү адам баласына грипп сыяктуу эле кабылданып калышы толук мүмкүн.

«200 адамдын бардык анализдерин карап чыккан учурда, март айында ооругандардын канындагы вирустун организмге терс таасир этүү жөндөмү күчтүүрөөк болгону байкалды. Коронавирус табиятында организмде калып калууга болгон аракетин жумшайт экен, бул үчүн ал мутация боло берет. Ошонун аркасы менен алсырап, мурдагыдай агрессивдүү болбой бара жатат», — дейт окумуштуу.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзүндө окумуштуулар коронавируска каршы вакцина табуу менен алек.

Эң көп окулган жаңылыктар