Коңшу мамлекет Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 13 миң 74кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, жалпы 13миң 74 адамга вирус жукса, алардын ичине 61 бейтап көз жумган.
Коронавирустан айыккандардын саны — 8015. Дарыланып жаткандардын саны — 1969.
Коңшу өлкөнүн Алматы, Атырау, Мангистау, Шымкент жана Түркстан аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу болбой жаткандыгына байланыштуу кайрадан карантиндик тартип күчөтүлдү.
Эске сала кетсек, Казакстанда алгачкы учур Алматы калаасында катталган.

