Коронавирус инфекциясы менен курөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов маалымдады.
Анын айтымында, 24 миллиону акчалай которулган.
«Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө мамлекеттик компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн жалпы жардамдын суммасы 53 миллион сомду түздү. Алардын ичинен акчалай жардам 24 миллион сом, азык-түлүк тибиндеги жардам 29 миллион сомду камтыды», — дейт Жылдызбек Исакулов.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавирус катталгандан тартып ишкерлер, депутаттар жана активисттер акчалай жардам көрсөтүп башташкан.

