03:08
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

COVID-19. Бишкекте дагы төрт медицина кызматкери вирус жуктурду

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1 медицина кызматкери вирус жуктуруп алган.

Стационарларда жаткан 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар