Бишкекте толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматкери 24.kg агенттигине маалымдады.
Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат болжол менен саат 15:43 чамасында келип түшкөн. Көп кабаттуу үй Жунусалиев\Ажибек Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт чыккан жерге өрт өчүрүү кызматынын бир тобу жөнөтүлгөн.
Учурда өрт эмнеден чыккандыгы такталууда.

