Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан турак жай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, жашоочу турак жайдан өрт болжол менен саат 23:03 чамасында чыккан. Үйдүн чатыры шифер болгон, анын аянты 150 чарчыны түзөт. Тилекке каршы үй толугу менен өрттөнгөн. Жабыр тарткандар жок.
Өрт эмнеден чыккандыгы учурда такталууда.

