Коронавируска байланыштуу Ош шаарындагы коомдук транспорттор токтойт. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Маалыматка ылайык, коомдук транспорттун токтошу Ноокат районундагы коронавирустун симптомдору аныкталган 3 аялдын аныкталышы менен түшүндүрүлөт. Алар Ош шаарына Кувейттен келишкен.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жалпы 6 бейтап изоляцияга алынды. Алар Ноокат жана Сузак райондорунун тургундары.

