03:11
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Дүйнөнү чочулаткан коронавирустан 50 миң 675 адам сакайды

Дүйнөнү чочулаткан коронавирустан 50 миң 675 адам сакайды. Бул тууралуу окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан онлайн-карта тастыктаган.

Белгилегендей, коронавирустан жабыркагандардын саны 93 миң 126 адамга жетти. Ал эми соңку эки сутканын көрсөткүчү боюнча, жуктургандардын саны 2 миң 212 адамга өсүп, көз жумгандардын саны 3 миң 198ге жетти.

Вирус пайда болгон Хубэй провинциясында 67 миң 332 адам вирус менен күрөшүп жаткан болсо, 2 миң 871 адам көз жумуп, 38 миң 556 адам вирусту жеңди.

Вирус 80 мамлекетте катталды. Ооругандардын саны Түштүк Кореяда — 5 миң 328, Италияда 2 миң 502, Иранда 2 миң 336, Японияда 293, Францияда 204, ал эми Германияда 196 адам.

Бул кырдаалга ылайык дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган вирустун таралышы боюнча абалдын курч экендигин жарыялады.

Эскерте кетсек таажылуу вирус 2019-жылдын декабрь айында Ухань шаарында пайда болуп, жергиликтуу жан-жаныбарларды сатуучу базардан таралганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар