Белгилүү актер Жеки Чан саламаттыгы жакшы экендигин жана карантинге жатпаганын билдирди.
Актер аны акыбалына тынчсыздангандарга ыраазычылык айтат.
«Менин ден-соолугум жакшы. Эч кандай карантинге жаткан жокмун. Баарыңарга ракмат. Мага дүйнөнүн булуң-бурчунан ар кандай белектер жөнөтүлдү. Бет каптар үчүн дагы ракмат. Биз аны муктаж болгон адамдарга беребиз», — дейт ал.
Кечээ, бир катар эл аралык ЖМК Жеки Чан коронавируска шектелип, карантинге алынганын жазып чыгышкан.

