Ош—Ноокат жолундагы кырсыктан 3 киши жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Окуя кечээ кечки саат 18:30 чамасында катталды.
Маалыматка таянсак, «ВАЗ-2106» жеңил унаасы алдындагы унаадан ашып өтүп, карама-каршы тилкедеги «Хундай Портер» унаасы менен кагышкан. Кесепетинен «ВАЗ-2106» унаасынын айдоочусу жана «Хундай Портердин» 2 жүргүнчүсү Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилди.