Бишкекте өгөй атасын өлтүргөнгө шектүү делген жаран кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү РИИБга өзү келген.
Эске салсак, 21-декабрда «Арча-Бешик» калктуу конушунда жергиликтүү тургундар адамдын сөөгүн табышкан.