Бишкекте гүлдөрдү эмес, көп бак-дарак отургузуу керек. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.
Депутат Бишкек мэриясына шаарды жашылдандыруу боюнча системалуу программа керек деп эсептейт.
Вице-мэр Мирлан Амантуров 2020-жылы жер аянттарын газон менен жабдууга басым жасала турганын айтты.
«Бактардын ортосундагы жер аянттарына газон төшөлөт. Бул жылы 10 миң бак-дарак отургузулду, кийинки жылы 20 миң көчөт отургузууну пландап жатабыз», — деди Мирлан Амантуров.