Суусамыр өрөөнүндө «Лада» жана «Хонда Степвэгон» үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 2 унаанын айдоочулары жеңил жаракат алышкан.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Жабырлануучулардын абалдары канааттандыраарлык.