22:32
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Президенттин сапары. Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG» корпорациясына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрдү. Инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

«Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди», — деп Сооронбай Жээнбеков.

«Tokyo Rope MFG» корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкек шаарындагы кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландар менен бөлүштү. 

«Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет», — деп белгиледи ал.

Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар