Ош шаарындагы түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы жигитти миздүү буюм менен желкесине сайып, из жашырган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жаран «Казак» каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү болуп чыкты.
«Түнкү эс алуу клубунда 23 жаштагы Оштун тургуну менен шектүү арасында пикир келишпестик орун алган. Шектүү миздүү нерсе менен жабырлануучунун желкесине жана оң каруусуна сайып жиберген. Кийин окуя болгон жерден качып кеткен», -деп айтылат маалыматта.
Шектүү кечээ кармалган, бирок сурак маалында ал өзүн начар сезгендигине байланыштуу жактоочусу «тез жардам» чакыртып, шаардагы ооруканалардын бирине жаткырышты. Учурда ал милициянын кайтаруусунда турат.