Кордай чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстанга аткезчилик жол менен телефон алып бара жаткан 28 жаштагы кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Билдирүүгө таянсак, кыргызстандык жарандын унаасын текшерүү маалында 3 миң 865 даана телефон табылган. Алардын ичинен 906 даана Iphone , 2 миң 310 даана Samsung, 205 даана Redmi, 380 даана Huawei жана 64 даана Vertu телефону болгон.
Шектүүнүн унаасы Кордай райондук экономикалык иликтөөлөр департаментине өткөрүлүп берилди.