12:11, 11 июля 2019, Бишкек - 24.kg , Айнура Аскарова
Өлкөдө 113 медресе катталганы менен анын 80ге чукулу гана толук кандуу иштейт. Ислам жаатындагы диний окуу жайлар муфтияттын көзөмөлүндө жана алар үчүн бирдиктүү окуу программаны Аалымдар кеңеши иштеп чыгат.
Бирок, медреселерде светтик сабактар берилбей, аны бүткөн балдар араб тили, куран жана хадистерди боюнча алган маалыматы менен гана чектелүүдө. Адистер, диний окуу жайлар жаш жеткинчектерди билим заманында артка тартып, дүйнө таанымын дагы чектеп койгонун айтышууда.
24.kg агенттиги медреселерди окуу программасын жакшыртып, светтик сабактарды киргизүү үчүн түзүлгөн тоскоолдуктарга токтолду.
Билим ордун ыйман менен толтуруп
7-класстын окуучусу Урмат Айдарбеков апасынын каалоосу менен медресеге тапшырган. Анын айтымында, медреседе окуу сунушу башында каршы болгону менен кийин макул болду. Жарым жыл өткөн соң ага окуу жагып баштаган.
Урматтын апасы Жайнагүл Нурмаматова диний аалымдын социалдык тармактагы кеңештерин угуп, баласынын тарбиясы үчүн медресеге берүүнү чечкен.
«Ал кайсыл аалым экенин айтпай эле койгонум оң. Мен ага фейсбуктагы баракчасы аркылуу байланышып, кеңеш алдым. Анан ал медреселер тууралуу маалымат берди. Мен Бишкекте жашагандыктан Чүй облусундагы жакшы делген медреселерди карап чыктым. Акыры Кара-Балтага токтолдум»-дейт.
Жайнагүл Нурмаматовамедресе тандап жатканда алардын окуу программасына көңүл бурган эмес. Башкысы ыйманды үйрөтүп, жүрүм-турумун оңдосо болду дейт.
Кагаз бетинде калган талаптар
Конституция, Билим берүү жана «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар» жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык медреселер 9-11-класстарды аяктаган окуучуларды гана кабыл ала алат.
Дагы бир талап — диний окуу жайлар светтик сабактар окутулушу керек. Бул дагы көптөн бери ишке ашпай келе жатат. Медреселерде көбүнчө 20-30 баланы 1-2 мугалим дин жаатында гана окутат.
Бул жаатта иш алып барган Булан институту май айында жарыяланган баяндамасында медреселердин окуу программасын байытып, балдардын ар тармактуу билим алууга шарт түзүү керектигин белгилейт.
«Талапка жооп бербеген медреселер Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабыл алган жобого ылайык жөн гана кыска диний курстарды уюштура турган мекемеге айланышы керек. Жободо диний окуу жайлар орто, жогорку жана атайын курстар болуп үч тепкичке бөлүндү. Бул окуу жайлардын ар биринде окутула турган светтик сабактар дагы аныкталды. Эгер жобо кабыл алынса, баардык диний окуу жайлар талапты аткарууга, сабактарды киргизүүгө милдеттүү», — деп белгилейт институт.
Медреседе билимге каражат жок
Бишкектин Ак-Өргө конушундагы Имам Сарахсий медресесинин мүдүрү Бахтияржан Шараповдун айтымында, медреселердин баардыгы эле Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы даярдаган жобону ишке киргизе албайт.
«Мисалы, светтик сабактарды киргизүү үчүн акча керек. Эми жобо ишке киргенден кийин дагы көрө жатаарбыз» — дейт ал.
Диний талдоочулар жобону милдеттүү түрдө ишке ашыруу үчүн Билим берүү министрлиги менен муфтияттын бирге иштешин сунушташат.
«Мында Билим берүү министрлиги менен муфтият келишим түзүп, медресеге сабак бере турган мугалимдерди даярдап жана алардын айлык акысын мамлекет өзү мойнуна алса болот. Бул дин жаатындагы башаламандыкты токтотууга жана коомдун диний агартуусуна чоң салым болот», — дейт Айбек Тилекматов.
Белгилей кетсек, Кыргызстан светтик өлкө катары мамлекеттик казынадан медреселерге каржы бөлбөйт жана финансылык же техникалык жардам көрсөтпөйт.