04:24
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Сузакта 1 гектар аянттагы буудай күйүп кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ири аянттагы чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ачык аянттагы 1 гектардагы буудай жана 6 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.

Ошондой эле, Таш-Бака тилкесинде дагы 2,5 гектар аянттагы куураган чөп күйдү.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар