Казакстандагы президенттик шайлоодо жеңүүчү аталган Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 12-июнда өтөт. Бул тууралуу Токаев 10-июндагы ЖМКларга маалымат жыйын берүү учурунда билдирген.
«14-июнда Бишкекке, андан соң Дүйшөмбүгө барарым пландалган. ШКУ саммити сыяктуу чоң иш-чараларга Казакстандын толук кандуу президенти катарында катышканым оң», — деди Токаев.
Эске салсак, 13-14-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт.