Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыкта эки киши жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Кырсык бүгүн саат 08:00дө Кара-Көл шаарына жакын жерде катталды.
«Жолдун жээгинде токтоп турган «Ауди» үлгүсүндөгү унааны Бишкек—Ош багытында бара жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа сүзүп алган. Кесепетинен биринчи унаада отурган эки жүргүнчү жаракат алды», -деп билдирди күбө.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу уктап кеткен.

