Бишкек-Кара-Балта поезд каттамы 1-июнда иштебейт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, темир жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу, каттам убактылуу токтотулат.
2-июндан тарта поезд каттамы үчүн «Ала-Тоо» жаңы конушунда аялдама ишке киргизилет. Ал «Бишкек-I» жана «Сокулук» станцияларынын ортосунда жайгашкан.