Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда 2 шектүү өздөрүн пластик кашыктары менен кескилешкен. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган факт боюнча текшерүү жүрүүдө. Каракчылык менен кол салууга шектүү жаран менен баңгизатын мыйзамсыз сактоо боюнча айыпталып жаткан жаран убактылуу кармоочу жайдан нааразычылык катарында колдорун кашык менен кескилешкен.
Жабырлануучуларга дароо медициналык жардам көрсөтүлгөн. Керектүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.