06:31
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Бишкекте «Кырк кыз» долбоору башталды

Бишкекте «Кырк кыз» долбоору башталды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун максаты — чыныгы кыргыз кызынын нукура жүзүн, кыз кишиге тиешелүү баалуулуктарды көрсөтүү болуп саналат.

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн 40 райондон 17-25 жаштагы 40 кызды тандап алдык. Ар биринин кыргыздын каада-салттан кабары бар. Алар үй турмушуна тың, билимдүү жана коомдук иштерден артта калбаган селкилер», — дешет уюштуруучулар.

Бүгүн кыздар «Кыргызтест» мекемесине барып, кыргыз тили боюнча өз билимин текшертишет.

12-мартта «Супара» этно-комплексинде камыр жууруп, кесме кесишет. Ошол эле күнү түштөн кийин жаа атуу боюнча сынактан өтүшөт.

14-март күнү Кожомкул атындагы Спорт сарайында улуттук кийим менен кызыл килемден өтүп, сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын арасынан мыктылар тандалып, белектер берилет.




Эң көп окулган жаңылыктар