Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы эң көп коюлган ысымдардын тизмесин жарыялады.
Кыргызстандыктан уулдарына көбүнчө — Умар, Алинур жана Али деген ысым беришкен. Ал эми кыздардын көбү Раяна, Амина жана Айлин деп аталган.
Каттоо кызматынын маалыматында, Умар төрт жылдан бери Кыргызстанда белгилүү ысымдардын алдынкы үчтүгүндө.
2018-жылы төрөлгөн 2956 бала Умар болду, 1903 кыз Раяна аталды.
Өткөн жылы эң көп ата-эне баласын Мухаммед деп аташкан. 2471 балага пайгамбардын ысмы ыйгарылган.
Уулдарга ыйгарылган ысымдар: Алинур −2442, Али −1487, Нурислам −1477, Алихан — 1406, Амир — 1371, Билал — 1288, Эмир −971, Ариет −922.
Кыздарга ыйгарылган ысымдар: Амина −1703,Айлин — 1637, Арууке −1423, Алия −1407, Фатима −1273, Айбийке — 1226, Сумая-1177, Ариет −922, Аруузат −1078.