«Айкөл Ала-Тоо» бирикмесинин жетекчилиги алмашты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине коомдук бирикмеден кабарлашты.
Алардын маалыматында, кезектеги жыйында Мээрбек Мискенбаев өз арызынын негизинде кызматтан алынып, анын ордуна Амантур Жамгырчиев шайланды.
«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылы түзүлгөн. Мээрбек Мискенбаев аны 2013-жылдан бери жетектеп келген.
«Жетекчиликтин алмашышы биздин ишибизге таасирин тийгизбейт. Биз мындан ары апрель революциясынын баатырларын, катышуучуларын социалдык жактан камсыздоо иштерин кенен жүргүзүп турабыз. Ал эми саясатта калыс көз-карашта болобуз», — деп билдирди жаңы төрага Амантур Жамгырчиев.
«Айкөл Ала-Тоо» 17-январдагы митинге катышпайт.
«Бизди 7-январда өткөн митинг менен байланыштырып жатышат. Биз ага катышкан эмеспиз. 17-январдагыга дагы кошулбайбыз жана Кытайга каршы чакырыктарды колдобойбуз», — дейт Амантур Жамгырчиев.