USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жаштар күнү: Кыргызстандын окуу жайларында иш-чаралар башталды

09:05, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

10-ноябрь — Жаштар күнүнө карата өлкөнүн жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында студенттерге арналган майрамдык иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Майрамдык программанын алкагында студенттик клубдардын жарманкелери, кызыктуу жолугушуулар, чыгармачылык программалар жана жаштардын демилгелерин колдоого багытталган бир катар иш-чаралар уюштурулууда.

Аталган иш-чаралар жаштардын чыгармачылык жана интеллектуалдык дараметин ачууга, демилгелүүлүгүн жана коомдук активдүүлүгүн арттырууга, студенттердин өз ара байланышын чыңдоого, ошондой эле окуу жайлардагы студенттик жашоону кызыктуу жана мазмундуу өткөрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, Жаштар күнү — жаш муундун коомдогу ордун, демилгелерин жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын даңазалаган маанилүү болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18