Борбор Азиянын эң мыкты 20 ЖОЖдун катарына Кыргызстандын эки университети кирди
Борбордук Азиянын эң мыкты 20 жогорку окуу жайынын катарына Кыргызстандын эки университети кирди.
Рейтингди QS Quacquarelli Symonds аналитикалык агенттиги сунуштады. Эң алдыңкы жыйырмага кирген жогорку окуу жайлардын саны боюнча Казакстан сап башында турат. Коңшу өлкөнүн 13 университети эң мыкты деп табылган. Региондогу эң кадыр-барктуу окуу жай аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети болду.
Ал Борбордук Азияда биринчи орунду ээледи. Кыргызстандык жогорку окуу жайлар топ-тизмеде 14-жана 15-орундарды ээледи. Алар тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Борбордук Азиядагы Америка университети.
Жалпысынан тизмеде Азиянын 26 өлкөсүнөн жана аймагынан 1 миң 722 университет көрсөтүлгөн, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүнүн ЖОЖдору да эң мыкты жыйырмалыкка топтолгон.
QS Asia University Rankings университеттерди академикалык репутация, иш берүүчүлөр арасындагы кадыр-барк, илимий ишмердүүлүк, шилтеме берүү индекси, окутуучулар менен студенттердин катышы, эл аралык кызматташтык жана башка көрсөткүчтөр боюнча баалайт.