Жалал-Абад облусунда алты жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди
Жалал-Абад облусунда алты томолой жетим балага жер тилкелери бөлүнүп, укук аныктоочу документтери тапшырылды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жер тилкелери балдардын мүлктүк укуктарын коргоо максатында Аксы жана Чаткал райондук прокуратуралары тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардан кийин берилди.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2025–2026-жылдары ата-энесинен ажыраган балдарга жалпы 19 батир жана 32 жер тилкеси алынып берилген.