USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ноокат районунда прокуратуранын жаңы имараты ачылды

12:43, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Ноокат районунда райондук прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине башкы прокурордун биринчи орун басары Чыңгыз Ахматов прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн тийиштүү иш шарттарын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы имараттын пайдаланууга берилиши райондук прокуратуранын ишин натыйжалуу уюштурууга, жарандарды кабыл алуунун сапатын жогорулатууга жана алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Жаңы административдик имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иш алып баруусу жана жарандарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалган.

Белгилей кетсек, мамлекет жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу иштери өлкө боюнча этап-этабы менен улантылууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18