USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

УКМК Чүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекетинде коррупциялык схеманы аныктады

10:49, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусундагы салмак-габариттик көзөмөл бекетинде бир катар кызматкерлер кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алар белгиленген өлчөмдөн оор жүк жүктөп алган жүк ташуучу унааларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн айдоочулардан системалуу түрдө акча алып келишкен.

Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар бардык адамдарды жана иштин жагдайларын аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18