13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.
Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды.
Айдоочулардан аба ырайынын шарттарын эске алып, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолго чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерүүнү өтүнүчү айтылдыю
Жол тейлөө кызматтарынын кызматкерлери жолдорду тазалоо жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди улантууда.