Стендап-куудул Элдос Алмазов көз жумду. Анын өлүмүнө операция учурунда жүрөгүнүн токтоп калышы себеп болгонун жакындары билдиришти.
Элдос Алмазов сейрек кездешүүчү оору — гипофизардык нанизм менен жабыркачу. Анын бою 130 сантиметрге жакын болгон. Ал сырткы келбетинин өзгөчөлүктөрүн тамашаларында көп колдончу.

Ушул жылдын апрель айында куудулдун сөөк рагынын агрессивдүү түрү — остеосаркома табылган. Элдос химиотерапия алып, дарыланууга каражат чогултуп жаткан. Сентябрь айында анын сол бутундагы шишикти алып салуу боюнча операция жасалган.
Элдос Алмазов Кыргызстандын Ош облусунда туулган. 2018-жылы Москвага көчүп барган. 2021-жылы ТНТ каналындагы «Открытый микрофон» долбооруна катышкандан кийин атактуулукка жеткен. Ал Алексей Щербаковдун командасына түшүп, жарым финалга чейин жеткен. Кийинчерээк Азамат Мусагалиевдин «Большое шоу» долбооруна катышып, өзүнүн стендап-монологдорун чыгарып жүргөн.
Анын куудулдук стили өзүн-өзү тамашалоого жана турмуштук кыйынчылыктарды кайрадан аңдап түшүнүүгө негизделген.