СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө чын салды
СССРдин Эл артисти, советтик жана кыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук консерваториясынан билдиришти.
Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.
Чыгармачылык карьерасында ырчы 50дөн ашык опералык партияны аткарган. Алардын арасында «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөк, «Манастагы» Каныкей, «Токтогулдагы» Калыйман, П. И. Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсындагы Татьяна, Ж. Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсындагы Баттерфляй жана Ж. Вердинин «Аида» операсындагы башкы каарман бар.
Кайыргүл Сартбаева педагог катары да кыргыз музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал бир катар окуу жайларда вокалдан сабак берип, 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болгон.
24.kg басылмасы Кайыргүл Сартбаеванын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.