Ленинград блокадачыларынын Бишкек коомунун мүчөсү Галина Тольская дүйнө салды
Ленинград блокадачыларынын Бишкек коомунун мүчөсү Галина Тольская 98 жашындадүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Галина Тольская 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинград шаарында төрөлгөн. Балалык кези Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туш келип, 1942-жылы блокада учурунда шаардан эвакуацияланган.

Согуш аяктагандан кийин Галина Ивановна эмгек жолун уланткан. 1947-жылы Ташкент шаарындагы Сталин атындагы текстиль комбинатынын кампасында эсепчи болуп иштей баштаган.
1960-жылы Фрунзеге көчүп келип, анда пластмасса буюмдары заводунда бухгалтер болуп иштеген. Орто техникалык билими бар болчу.
Согуш жылдарындагы оор сыноолорду баштан кечиргендиги жана курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын муунуна таандык болгондугу үчүн Галина Ивановнага «Ленинград блокадасынын тургунуна» төш белгиси ыйгарылган.
Галина Ивановна Тольскаянын дүйнөдөн кайтышы — орду толгус жоготуу. Анын өмүр жолу, эмгек ишмердүүлүгү жана туруктуулугу тарыхый эс тутумдун бир бөлүгү катары түбөлүккө калат.