USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга Калкты тейлөө борборуна баруунун кажети жок

11:32, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда ата-энелер «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун алуу үчүн эми «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн арыз бере алышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, электрондук кызмат бала төрөлгөнү Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында катталгандан кийин жеткиликтүү болот.

Жаңы кызмат жөлөк пулду тариздөө жол-жобосун жеңилдетип, ата-энелерге калкты тейлөө борборлоруна барбастан арыз берүүгө шарт түзөт.

Ошол эле учурда жөлөк пулду калкты тейлөө борборлору аркылуу салттуу тартипте тариздөө мүмкүнчүлүгү да сакталат.

Эскерте кетсек, «Балага сүйүнчү» — бала төрөлгөндө берилүүчү 4 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку мамлекеттик төлөм. Үч же андан көп бала бир тең төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнүп берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18